Бишкек шаарынын тургунунун үйүнө түн ортосунда эки тоноочу кирип келген

  25.04.13   07:46
 308

Кечээ, 24-апрелде, таңкы саат 4төр чамасында Бишкек шаарынын 43 жаштагы тургунунун үйүнө белгисиз эки жаран кирип келген. Алар үйдүн ээсин сабап, турмуш тиричилик буюмдарын жана 15 миң сомун уурдап кетишкен.Бул тууралуу борбордогу ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Ленин райондук ИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери атайын иш чаранын негизинде, окуяга тийиштиги бар жарандарды изин суутпай кармашты. Алар Жалал-Абад облусунун 42 жаштагы жана Баткен облусунун 43 жаштагы тургундары болуп чыгышты. Экөө тең азыркы тапта ШИИБнын убактылуу кармоо жайына алынып келинди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223149

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.