Бишкек шаарындагы QISB жеке мектебинин жанында нааразычылык акциясы болду

  25.04.13   07:49
 356

Кечээ, 24- апрелде, Бишкек шаарындагы QISB жеке мектебинин жанында нааразычылык акциясы болду. Митингдин катышуучулары балдардын эмгегин колдонгондугу үчүн аталган мектептин жабылышын талап кылышты.

Нааразы болгондордун бири, аталган мектептин мурунку күзөтчүсү Нурадил Умеркуловдун айтымында, азыркыга чейин окуу мекемесинин жетекчилиги 13 жаштагы кызга имараттын полун жуудургандыгы үчүн жоопкерчиликке тартыла элек.

"Баланын эмгегин колдонгондугу үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылган жок. Жашы жете элек өспүрүм кызды пол жуугуч катары колдонгондуктары үчүн күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылабыз. Митингге чыкканыбызга 3 күн болду, бирок директор биз менен жолуккусу келген жок. Ошондой эле бул мектептин жабылышын талап кылуудабыз", - деди акциянын катышуучусу.

Эске салсак, буга чейин Умеркулов "ВБ" га кызга болушкандыгы үчүн жумуш ордунан кеткендигин билдирген. Анын айтымында, мектептин пол жуугучу ооруканага жатып калгандыктан, анын милдетин кызы аткарган. Өспүрүм кыз эки күн бою мектептин бөлмөлөрүн жууп чыккан. "Бирок 13 жаштагы кыз пол жууп тазалабастан, окууда болушу керек", деп эсептейт Умеркулов. Ал өзүнүн кесиптештери менен бирге баланын укугу бузулгандыгы тууралуу маалыматты милицияга билдирүүнү чечишкен. Бирок ал оюнан баш тартышып, анын ордуна мектеп директору жана администрациясы жалпы чогулушта пол жуугуч айымдан кечирим сурашсын деп чечим чыгарышкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223152

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.