Абдылдаев Ооганстандын элчисине туткундалган жаранды кайтарып берилишин өтүндү

  25.04.13   07:52
 357

Кечээ, 24- апрелде, КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кыргызстандагы Ооганстандын элчиси Нур Мохаммад Каркин менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгы билдирди.

Министр Кыргызстандын жетекчилиги жана өлкө коомчулугу 22-апрелде Ооганстанда талибдер тарабынан туткунга алынган кыргызстандык жаран Нургазы Конушбековдун тагдырына "олуттуу түрдө камсанап" жаткандыгын билдирди. Абдылдаев Ооганстандын тиешелүү кызматы болгон чараларды колдонуп, туткундалган жаранды кайтарып берилишин өтүндү.Эске салсак, кыргыз учкучу Ооганстанда келишим боюнча иштеп жаткан.

Каркин Ооганстандын президентинин жана өкмөтүнүн атынан, мамлекеттик органдар жана тиешелүү кызматтар туткундарды бошотуу үчүн баардык чараларды көрүп жаткандыгын айтты. Элчинин маалыматына караганда, туткундардын абалы жакшы жана аларга эч кандай коркунуч жарата турган жагдайлар жок.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223154

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.