"Сейтек" өспүрүмдөр борборунда салттык ушу боюнча Бишкек чемпионаты өттү

  25.04.13   07:53
 399

"Сейтек" балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда салттык ушу боюнча Бишкек чемпионаты өттү. Кыргызстандагы салттык ушу боюнча Федерациянын вице-президенти Наталья Нещереттин айтымында, мелдешке Бишкектен жана Чүй облусунан келген150 спортчу катышты.

"Казакстандан да ушу боюнча спортчулардан катышууга арыз келип түшкөн. Бирок, Бишкек шаарында боло турган митинг тууралуу угуп, келүүдөн баш тартышты", - деди ал.

Спорттук иш чарага 9 жаштан 70 жашка чейинки спортчулар катышты. Алар жаш категориялары боюнча 3кө бөлүнүп ат салышты ( 9-11 жаш, 12-15 жаш, 16 жана андан жогорку жаштар).

Федерациянын вице-президентинин айтымында, мелдешке катышуу үчүн жыл сайын спортчулардын саны өсүүдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223155

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.