15 жаштагы өспүрүмдү өлтүргөн кылмышкер кармалды

  25.04.13   07:55
 337

Борбордук милиция кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. 22-апрелде Бишкектеги Кантемировская көчөсүндөгү жеке үйлөрдүн биринен, зордук менен өлтүрүлгөн өспүрүмдүн жансыз денеси табылган. Аталган окуяга шектүү делген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнын басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган жаран Таластын 22 жаштагы тургуну болуп чыкты. Анын буга чейин соттолуп чыккандыгы, учурда эч жерде иштебегендиги жана борбор калаада дайым жашай турган жери жок экендиги аныкталды. Учурда убактылуу кармоочу жайга алынып келинди.

Алдын ала тергөө иштеринин жүрүшүндө, кармалган жаран жана анын окуяга тийиштиги бар досу, каза болгон өспүрүмдүн улуу агасынын достору экендиги белгилүү болду. Алар үйгө уурулук максатта киришкен, бирок өспүрүм күбө болуп калгандыктан, анын көзүн тазалоону чечишкен. Андан соң үйдөгү буюмдарды уурдап кетишкен. Келтирилген чыгымдар такталууда.

Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан окуяга тийиштиги бар экинчи жаран аныкталды. КР кылмыш кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223156

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.