Салык отчетторун электрондук түрдө сунуштоону мыйзам менен бекитишти

  25.04.13   07:58
 325

Кечээ, 24-апрелде, президент Алмазбек Атамбаев ушул жылдын 14-мартында кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат саясат бөлүмү кабарлайт.

Мыйзам салык төлөөчүлөрдү салык кызматынын органдарына отчет берүү процедурасын жеңилдетүүгө багытталган. Ошондой эле мыйзамда салык отчетторунун жана декларацияларын электрондук санариптик кол коюлбаган түрдө сунуштоо мүмкүндүктөрү каралат.

Негизинен Салык кодексинин 28-беренеси- "салык төлөөчүнүн электрондук документи жана санариптик кол коюусу" менен 86-беренеси- "салык отчетун түзүүнүн жана сунуштоонун тартибине" өзгөртүүлөр киргизилет.

Өкмөт өзүнүн нормативдик актыларын аталган мыйзамга ылайыктоого тийиш.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223157

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.