ИИМдин орун басары Белоруссияга Бакиевдерди берүүгө макулдашуу үчүн кетти

  25.04.13   08:09
 332

Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан түзүлгөн тизмеге ылайык элүүдөй адам Кыргызстандын сотунан качып Белорусияда жашынып жүрөт.

Белоруссиянын укук коргоо органдары менен кылмыштык элементтерди издөө, кармоо жана экстрадиция кылуу- Кыргызстандын прокуратурасы менен ички иштер министрлигинин (ИИМ) өкүлдөрүнүн Беларуссияга жасаган жумушчу сапарынын негизги максаты болуп калды. "ВБ"га ички иштер министринин орун басары Фурхат Усенов билдиргендей, сөз ар түрдүү, анын ичинен жогорку деңгээлдеги кылмышкерлерди иликтөө жөнүндө болуп жатат.

Ички иштер министринин орун басары белгилегендей, кыргыз тараптын тизмесине кирген мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиев жана анын айланасындагы адамдар колдо болгон маалыматтарга таянсак, учурда Белоруссиянын аймагында. Жалпысынан Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан түзүлгөн тизмеге ылайык элүүдөй адам Кыргызстандын сотунан качып, Белоруссияда жашынып жүрөт, алардын арасында кылмыш элементтери жана качкындар да бар.

Жумушчу сапардын максаты - мындай адамдарды мыйзам жоопкерчилигине тартыш үчүн Кыргызстанга кайтарып алуу.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223159

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.