Момунов: Жээнбеков митингчилер жана Бекназаров менен жолугушкан жок

  25.04.13   08:12
 293

"Парламенттин спикери Асылбек Жээнбеков митингге чыккандар жана Бекназаров менен жолугушкан жок",- деп билдирди кечээ, 24-апрелде, "ВБ" менен болгон маегинде төраганын басмасөз катчысы Надыр Момунов.

Ал чындыгында парламент спикерине демилгечи топтун атынан "Кумтөр" келишимин денонсанция кылуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулоого катышуусун суранган өтүнүч кат келгенин белгиледи.

"Алар бүгүн бул маселе каралат деп ойлошкон. Бирок иш жүзүндө ал күн тартибине кирген эмес. Адегенде мыйзам долбоорун профилдик комитеттерде карап жана андан кийин гана палатага алып келүү керек . Азырынча үч комитет гана мыйзам долбоорун карап чыгышып, аны өкмөттүн юридикалык-укуктук экспертизасына жөнөтүшкөн. Бекназаровдун аны "парламентке спикердин буйругу менен киргизбей коюшту" деген сөзү чындык эмес",- дейт Момунов.

Эскерте кетсек, кечээ болгон митингдин катышуучулары "Кумтөр" боюнча келишимди денонсациялоо жана "Ата-Журт" фракциясынын камактагы депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду бошотуу талабын коюшкан. Буга чейин оппозициялык кыймылдын башчысы Азимбек Бекназаров митингдер бүт өлкө боюнча өтөөрүн айткан. Бирок камактагы депутат Камчыбек Ташиевдин тууганы Шайырбек Ташиев нааразылык акциясы Бишкекте гана болоорун билдирген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223160

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.