Айыл-чарба техникасын толук жаңыртуу үчүн 5 жыл бою тынбай техника алуу керек

  25.04.13   08:21
 317

"Кыргызстандагы айыл-чарба техникаларын толук түрдө жаңыртуу үчүн 5 жыл бою тынбай 3 миңден техника алып келүү керек". Бул тууралуу вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев "Азаттыктын" 24-апрелдеги "Ыңгайсыз суроолор" программасынын түз эфиринде билдирди.

Ал ошондой эле жыл башынан бери 250гө жакын айыл-чарба техникасы өлкөгө алынып келингенин кошумчалады.

Вице-премьер министр кытайдан да сапаты жакшы техника келип атканын айтты. Бирок коомда кытай техникасы начар деген пикир калыптанып калганын белгиледи. "Кытайдан келген техника жаман деген ой калыптанып калгандыктан жаңы чыккан техниканын сапаттуулугун элге жеткирүү оор болууда",- дейт ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223161

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.