Кыргызстандагы азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо тууралуу талкуулашты

  25.04.13   08:15
 311

Кечээ, 24-апрелде, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кыргызстандагы Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлчүлүгүнүн жаңы дайындалган башчысы Рамарадж Сараванамутту менен жолугушту.

Жолугушунун жүрүшүндө тараптар КРдеги азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо жаатындагы кызматташтыктын азыркы абалы жана келечеги, өлкөдөгү муктаж болгон жарандарга гуманитардык жардам берүү тууралуу талкуулашты.

Жолугушунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташууну активдештирүү зарылдыгын белгилешти. Министр Абдылдаев өкүлчүлүктүн жаңы директорун кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223162

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.