Манас Саматов: Бизге чиркеме комбайндар керек

  25.04.13   08:22
 303

"Азыр биз заманбап, сапаты жакшы, баасы да дыйкандарга ыңгайлуу чиркеме комбайндарды алышыбыз керек". Мындай пикирин "Азаттыктын" 24-апрелдеги "Ыңгайсыз суроолор" программасынын түз эфиринде Айыл-чарба өндүрүшчүлөр бирикмессинин жетекчиси Манас Саматов билдирди.

Анын айтымында, чиркеме комбайндарды тракторлорго деле чиркеп иштете берсе болот.

Саматов өз сөзүндө Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин таза лизинг ишке ашпай атканын белгиледи. "Таза лизинг деген дыйкан-фермер менен лизингге техника бере турчу тараптын ортосундагы түздөн-түз мамиле. Буга мамлекет аралашпаш керек. Азыр айыл-чарбасына колдоо көрсөтүүдөбүз деп жеңилдетилген насыя берип атат. Чын-чынына келгенде өкмөт бул ыкма менен дыйкандарды эмес, банктарды багып атат. Айыл банк жана башка банктар аркылуу берилип аткан насыялар лизинг эмес. Бул жерде совет убагындагыдай мажбурлагандай аракет болуп атат",- деп белгиледи ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223163

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.