Тайырбек Сарпашев: Айыл-чарба министрлиги мезгилдин талабына ылайык иштебей атат

  25.04.13   08:24
 284

"Азыр айыл-чарба министрлиги мезгилдин талабына ылайык иштебей, консервативдүү орган болуп келүүдө. Корпоративдик иштерди уюштура албай, союз кезиндегидей стандарт менен иштеп атат". Мындай пикирин "Азаттыктын" 24-апрелдеги "Ыңгайсыз суроолор" программасынын түз эфиринде вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев билдирди.

Ал ошондой эле аталган министрликте реформа болорун белгиледи. "Айыл-чарба министрлигинде реформаны май айынын акырында баштайбыз. Азыр сунуштар айтылып атат. Реформа эволюциялык жол менен өнүгүшү шарт. Биринчи классты бүткөн баланы 5-класска отургуза албайсың. Андыктан бардыгы план боюнча болушу шарт",- деди ал.

Вице-премьер айыл-чарбасындагы жаңы илимди жана техникаларды дыйкандарга жеткире албай атабыз деп кошумчалады.

Айыл-чарба өндүрүшчүлөр бирикмесинин жетекчиси Манас Саматов айыл-чарба тармагы вице-премьер министрдин деңгээлинде каралыш керектигин айтып, бул тармакты иш билги адамдын колуна бериш керек,- деген пикирин билдирди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223164

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.