№9 троллейбус каттамы жүргүнчүлөрдү акысыз ташыйт

  25.04.13   08:20
 271

Бүгүн, 25-апрелде "Мээримдүүлүк жаштар жумалыгы- 2013" деп аталган иш-чаранын алкагында Бишкек ишкер клубу "Мээримдүүлүк троллейбусу" акциясын уюштурат. Эртең мененки саат 9.00дөн кечки 19.00гө чейин №9 каттам боюнча "Мээримдүүлүк Троллейбусу" каттап, баардык жүргүнчүлөрдү: балдарды, кары-картаңдарды жана чоңдорду акысыз ташый турганын аталган клубдан кабарлашты.

Жүргүнчүлөрдү бекер ташыган троллейбусту "Мээримдүүлүк жаштар жумалыгы- 2013" деп аталган көрнөк жазуудан улам билүүгө болот.

№9 троллейбус каттамы шаардагы эң узак каттам болуп саналат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223166

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.