Камчы Көлбаевдин иши боюнча сот иши бүгүн уланат

  25.04.13   08:26
 317

Бүгүн, 25-апрелде, саат 10:00дө Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Камчыбек Көлбаевдин сот процесси уланат. Бул тууралуу Жогорку соттун басмасөз кызматы маалымдады.

Эскерте кетсек, Көлбаев КРдин кылмыш жаза кодексинин бир канча беренелери менен айыпталып, ушул жылдын 18-апрелинде жана 23-апрелинде эки сот процесси болгон.

Көлбаевге карата кылмыш жаза кодексинин 231- беренеси- кылмыштуу топторду уюштуруу, 247-беренеси-баңгизаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, мыйзамсыз өндүрүү же берүү, 241- беренеси- ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү, 123-берене -адамды уурдоо боюнча кылмыш иштери козголгон. Мындан тышкары ага бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү, саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү, каракчылык, опузалоо, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо боюнча айып тагылууда.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын 8-декабрында Камчы Көлбаев Араб Эмиратынан Кыргызстанга келээри менен, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому менен Жазаны аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө изоляторуна бир айлык мөөнөткө камакка алынган. Ошондон бери анын баш коргоо чарасы узартылып келген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223167

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.