Москвада вице-консул менен болгон инцидент үчүн ТИМдин башчысын чакырышат

  25.04.13   08:30
 370

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкеринин Москвадагы татыктуу эмес жүрүм-туруму жөнүндө факты аныкталса Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде анын кызматтан алынышын талап кылышмакчы. Бул тууралуу кечээ, 24-апрелде, өзүнүн Facebook баракчасына парламенттин "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу Россиянын ЖМКларына Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин биринчи катчысы жана вице-консуль Шамиль Кайкиев жол кыймылын бузуп, полициядан качып кеткени тууралуу маалыматка комментарий берип жатып билдирген.

"Тышкы иштер министрлигин (ТИМ) килемге чакырабыз. Эгерде Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкеринин Москвадагы татыктуу эмес жүрүм-туруму жөнүндө факты аныкталса, Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде анын кызматтан алынышын талап кылабыз",- дейт Бакир уулу.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223168

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.