Бишкекте жана Чүй облусун айрым жерлеринде жарык жок болот

  25.04.13   08:53
 256

Бүгүн, 25-апрелде, Бишкектин бир бөлүгүндө жана Чүй облусунун айрым айылдарында электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектро" ААКтын басмасөз кызматы билдирди.

Бишкекте 9дан 11ге чейин 3-кичирайонунда, Көк-Жар жаңы конушунда; 10дон 14кө чейин Көк-Жайык, Көк-Жаңгак көчөлөрүндө, 14төн 16га чейин Жеңи-Жок, Куйручук көчөлөрүндө; саат 9дан 17ге чейин Баха, Ахунбаев, Абдрахманов, Бакаев көчөлөрү менен чектелген төрт чарчысында, Курчатов, Репин, Хоперский көчөлөрүндө, Патрис Лумумба көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдө, "Учкун" кичирайонунда жана Ауэзов көчөлөрүндө жарык жок болот.

Жайыл районунда 9дан 17ге чейин Кара-Балта шаарынын айрым аймактарында, Сокулук районундагы Селекционный айылында жана Селекционный жаңы конушун электр энергиясы менен камсыздоо токтотулат.

Белгиленгендей, электр энергиясынын өчүрүлүшү №1408, 467, 1315, 1430, 189, 199, 496 транформатордук подстанцияларындагы капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу. Оңдоо иштери "Кыргыз" подстанциясынын ЛЭП 10 кВ, Жайыл районунун №13 трансформатордук подстанцияда жүрүп, "Калининский" ЛЭП 10 кВ ни бойлой өскөн бак-дарактарды кыюу иштери жасалат.

Ушул эле күнү "Кыргызстандын улуттук электр түйүнү" ААКтын адистери Сокулук районундагы жогорку вольттуу подстанциядагы жабдууларды оңдоо ишин аткарышат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223171

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.