Мырзакматов "Келечек" борборунда чыккан өрттү текшерүүнү өз көзөмөлүнө алды

  25.04.13   10:09
 265

Ош шаарынын мэри өспүрүмдөрдүн "Келечек" чыгармачылык борборунда чыккан өрттү текшерүүнү өз көзөмөлүнө алат. Бул тууралуу Ош мэриясынын коом менен байланыш кызматы билдирди.

Ош шаардык өрткө каршы күрөшүү кызматынан билдиргендей, имараттын чатыры өрттөнүп аткандыгы тууралуу билдирүү саат 15.45те келип түшкөн. Өрт чыккан жерге шаардын вице-мэри Дастан Ходжаев да келген.

"Өрт өчүрүлдү. Тийиштүү кызматтар учурунда чара көрдү. Адам өлүмү катталган жок",- деди ал.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрт электр зымдарынын тийишип калышынан улам чыгышы мүмкүн.

"Кырсыкты териштирүү боюнча мэрге маалымат берилип турат. Азырынча өрттүн чыгышы тууралуу кенен маалымат келе элек",- деп билдиришти мэриянын басмасөз кызматы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223175

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.