Футбол: Кыргызстандын курамасы Индиядан жеңилип калды

  25.04.13   10:10
 252

Кыргызстандын U-14 (14 жашка чейинки оююнчулар) курама командасы футбол боюнча Азия чемпионатынын тандоо турунда Индияга чоң эсеп менен утулуп калды.

Футбол боюнча Азия конфедерациясынын расмий сайтында маалымдалгандай, экинчи беттешти Кыргызстандын курамасы Индиянын курама командасы менен ойноп, бешинчи мүнөттө эле дарбазасына гол киргизип ийишкен. Биринчи таймда кыргызстандыктар пенальти тээп бир гол киргизишкен, аны Азамат Мелисбеков киргизген. Биринчи таймдын бүтөрүнө 4 мүнөт калганда Индиялыктар экинчи голду киргизген.

Дагы 3 мүнөттөн кийин алар бир гол киргизишкен. Тыныгуудан кийин Индиянын курама командасы эсепти 4:1 кылып, жеңишти камсыз кылышты.

Кийинки мелдешти Кыргызстандын курама командасы 26-апрелде Пакистан менен ойнойт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223176

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.