Сазга баткан саламаттыкты сактоо же "жакшымын" дедирткен менталитет

Кыргыздар эң башкысы ден соолук деп тост айтканга маш болгонубуз менен ошол негизги байлыгыбызга кайдыгер караган кызык эле калк экенбиз...
  25.04.13   10:37

Негизи өлкөнү туруктуу кармап турган үч негизги фактор бар. Алар саламаттыкты сактоо, билим берүү жана коопсуздук. Бизде тилекке каршы үчөөнүн тең абалы өгүз өлбөсүн, араба сынбасын деген арабөк абалда экени эч кимге жашыруун эмес. Кыргыздар эң башкысы ден соолук деп токст айтканга маш болгонубуз менен ошол негизги байлыгыбызга кайдыгер караган кызык эле калк экенбиз. Эмнеге "кызык" калк экенибизди алдыда чечмелеп берейин...

Кыргыз врачка өлөрүндө эле барыш керекпи?

Сааттан да так жүргөн немистер ооруганы жатканын алдын ала сезип, врачтарга "өзүмдү начар сезе баштадым" деп эртелеп кайрылат. Ал эми орустар сыркоолоп калганын кеч болсо да сезип ак халатчандарга "ооруп жатам жардам бергиле" деп желдей жетип барат. Ал эми табиятыбыздан камырабаган кыргыз эли, тишибиз ооруса деле койдун же уйдун майын сүйкөп, молдокелерге дем салдырып, дартыбыз барган сайын салмакташа баштаса бүбү-бакшыларга барып отуруп, ичээр суубуз түгөнөрдө гана "өлүп баратам" деп өлүмүш болуп айла жоктон доктурлардын колуна түшүп берет экенбиз. Же калппы? Ушул жаман адатыбызды жоюп туруп анан врачтарга кусаматыбызды айтсак туура болгудай.

Мен президентти же саламаттыкты сактоо министрин ашатардан мурда кыргыз элинин ден соолукка болгон "аяр" мамилесин айта кетейин. Негизи ата-бабаларыбыз биринчи байлык ден соолук деп, ден соолуктун баа жеткис байлык экенин медициналык жабдыгы жок эле туюп-сезип, аяр мамиле кылып келишкени тарыхыбызда жазылуу. Байыркы кыргыздар эң ириде оорунун профилактикалык же болбосо алдын алуу иш-чараларын жүргүзүшкөн. Аш барган жерге дарт барбайт деп ашказанды эзели нааразы кылышпаган. Ичкен-жегени табигый таза азык, дем алганы тоонун салкын абасы жана башка... Дарт деген түшүнүк аз болгондуктан катуу оорудан тиш, жумшак оорудан ич оору дегени да ошондон калса керек.

А азыр абал кандай? Бүгүн деле табигый таза азык жесек болот эле, бирок андай болбой жатпайбы. Баарыбыз болбосок да көбүбүз ашказанды убактылуу алдай турчу жарым фабрикат, тез татым тамактарга качырып калбадыкпы. Тоок баккандан эринген кыргыз оңоюна качырып кытайдын жасалма жумурткасын, Американын "окорочкаларын" союп алгандай эле жеп калганыбызга көп эле болду окшойт. Мындан улам аш барган жерге дарт барбайт деген макалга "кандай аш?" деген суроо кошкуң келет. ГМО (генетикалык жактан модификацияланган организм кошулган азыктар) тамак жегенденби айтор оорудан дары, дарыдан оору көп заманга туш болуп отурабыз. Үтүктү сайсаң деле дары-дармектин жарнамасы. А улут саламаттыгын ойлогон жан барбы?

10 миң сом айлык алган врачтын күнөөсү канча?

Сыры кетсе да сыны кетпеген эсил кайран СССРден калган бейтапканаларды көрүп отуруп көзүңө жаш да келип кетет экен. Союз болбогондо андай имараттарды кура алат белек өзүнчө бир түпсүз суроо. Эгемендүүлүктү алган 22 жылда ошол имараттарды капиталдык ремонттон өткөрмөк тургай даяр имараттын ичин медициналык жабдыктар менен толтурууга да дарманыбыз жетпей келет. Кайсы мамлекеттик ооруканага баш бакпа же советтерден калган раритет шайман болот, же Жапония, Германия өкмөтү гумжардам катары берген болот, же кайсы бир эл аралык уюмдун грантына алынган жабдык болуп чыга келет. Мамлекеттик каражатка алынганын ит менен издеп араң табасың. Эгер мамлекет саламаттыкты сактоого жылына 9 миллиардан бираз ашкан сом бөлүп жатса кайдагы жабдык? Бөлүнгөн акчанын көбү айлыкка, коммуналдык кызматка кетсе, калган жарыбаган акчага эмне келмек эле? Дары-дармекке акча бөлүнбөсө Кыргызстандагы "акысыз" деген формалдуу дарылануу улана берери шексиз. Кептин баары каржылоодо жатат. А мамлекеттин бул тармакатагы саясаты эптеп иштеп тургула, бизди көрбөй турасыңарбы деген таризде 22 жылдан бери уланып келет. Өткөндө М.Миррахимов атындагы кардиологиялык борборго барсам рентген аппараты 86-жылкы болуп чыкты. Мындан да эски жабдыктар толуп жатса керек, көзүм менен көргөнүн мисалга тартайын дедим. Эскилиги жеткенин мындан билиңиз бутту тартса колдун сөлөкөтүн көрсөтүп калыптыр. А ошол өлөсөл жабдыкка үмүт артып, кезек күткөндөрдүн санын айтпай эле коеюн...

Райондук врачтардын колунан сары кагаз карматкандан башка эмне келет?

СССР демекчи коммунизм курмакчыбыз болгон ошол жылдары ар бир райондук борборго оорукана курулуп, өз милдетин так эле аткарып келгенин эл жакшы билсе керек. А бирок 90-жылдардан кийин аталган ооруканалар өгөй баладай мамлекеттин камкордугунан ажырап калды. Жаңылышпасам ар бир райондогу бейтапкана бейтаптарды шаарга убара кылбай, жеринен жардам берүү үчүн курулса керек. Ал эми бүгүнкү күндө тиш, ич оору сыяктуу майда-барат дарттарды дарылаганы менен жамгырдан кийинки козу карындай көбөйгөн атына тилибиз келбеген ооруларга тиши өтпөйт. Анткени чебер адистер жок. Шаардан бүткөн врач жарыбаган акча үчүн районго барып жин тийиптирби? Айтмакчы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ишенсек азыркынын ак халатчандары орточо 10 миң сомдон айлык алат экен. Бир күндө 300 сомго эр болсоң үй-бүлө багып көр. Же орозо кармаш керек, же тамак-аштан башкасына мараторий жарыялаш керек. Министрлик жаш врачтардын депозити деп жаштарды жер-жерлерге тартканга аракет кылганы менен 3 жыл чыдап акчасын алган жаштарыбыз жайлуу жерлерге качып кетишти.

Кезекке туруу жараяны: башкы ролдо тааныш же акча

Республикалык ооруканга же мамлекеттик кайсы бир ооруканага жолуңуз түшүп калса кезек күтүүнү менден жакшы билсеңиз керек. Кезек күтүү таңкы жетиден баштап, кечки алтыга чейин уланат. Аягы жок кезектин башаты ошол жер-жерлерде жатат. Анткени райондук ооруканаларда адистер жетишпегендиктен алар сары кагаз (направление) берген органга айланып калышкан. Өзүлөрүнүн колунан келбестигин мойнуна алып шаарга жөнөтсө жакшы эмеспи, кээде ичи өтүп атса сокур ичеги деп операция кылып салган учурларды көрүп эле жүрбөйбүзбү. Мен муну менен врачтарды күнөөлөгүм келбейт. Болгону бизде иштеп жаткан саламаттыкты сактоо системасын сүрөттөп жатам. Айрым аймактарда жадагалса абадай зарыл болгон УЗИ, рентген апараттары да жок. Анан айласы кеткен райондук врач баланчанын же түкүнчөнүн лабораториясына бар деп колунда бар сары кагазын бербегенде эмне кылат? Мамлекеттен түңүлүп туруп, жок дегенде эл аралык уюмдардан келген гранттарга райондук ооруканалардын ичин толтуруп койсок аймактардан агылган бейтаптар азайбайт беле. Элестетиңиз, айылдан шаарга келген жол чыгымдары менен дарыланууга кеткен чыгым карапайым адамдын чөнтөгүн биртоп эле жукартып коеру айтпаса да түшүнүктүү.

Врачтарга кезекке туруу жөнүндө эки ооз сөз. Саламаттыкты сактоодогу коррупцияга врачтарды эле күнөөлөй бергенден коррупция азайып калбаса керек. Коррупцияга себеп болгон башка дагы толгон-токой факторлор себеп. Ар бир адамдын жаны таттуу. Жан кыйналганда баарына кайыл болуп, баарын аман алып калчу врачка бергибиз келип калат. Ак халатчандар жакшы карасын, туура эмес мамиле кылып койбосун деп халаттын чөнтөгүн толтурабыз. 10 миң айлык алып иштеп жаткан врач кой демек беле. Бул учурда биринчи берген адам күнөөлү болобу же бергенди алган адамбы? Анан бергенге көнүп алган врачтар кессе да кан чыкпаган бейтаптарды карамак беле? Бейтаптар арасындагы теңсиздикти өзүбүз түзүп алып эле врачтарды караламайды адат кылып алдык. Ооба, алардын арасында кекиртеги кернейдей болгондору да аз эмес. Бирок баары эмес да. Азыркы учурда бир врач күнүнө 10 бейтап кабыл алыш керек болсо кезек күткөндөрдүн саны 30-40. Анан бул жерде Жунгли закону өзүнөн-өзү иштейт. Таанышың же капчыктуу болушуң керек.

ЖоКе депутаты Дамира Ниязалиева бир беткей эле врачтарды жамандай берген туура эмес деген пикирди карманат. "Биз 20 жылда саламаттыкты сактоо системабызды талкалап алдык. Мындай абалга келишибизге жалгыз эле врачтар күнөөлүү эмес да. Биринчи кезекте системаны оңдошубуз керек. Реформалар жасалыш керек. Саламаттыкты сактоо министрлигине бөлүнгөн каражаттын 85 пайызы айлык акыга, 10 пайызы коммуналдык кызматтаарга кетет анан калган 5 пайызга кайдагы дары-дармек, кайдагы жабдык келет? Ал эми сырттан келген каражаттарды пайдаланууда ошол берген уюмдардын сунушу да эске алынат. Акчаны ким төлөсө, музыканы да ошол адам тандайт да. Анан эле билип-билбей врачтарды күнөөлөбөшүбүз керек. Канчалык жамандабайлы жан кыйнаганда кудайдан кийин эле врачтарга жалынып-жалбарып жатпайбызбы" деген оюн ортого салат.

Ал эми мурдагы Каржы министри Акылбек Жапаров СССР маалындагы ооруларды профилактикалоо ишин чанбоо керектигин айтат. "Мурда бардык адамдар сөзсүз түрдө флюрографиядан, гастроскопиядан өтүп туберкулез сыяктуу ооруларды алдын алышчу. Бул ыкманы эски дебей биз дагы улантышыбыз керек. Жадагалса Жапония ушул методду колдонот. Ал эми эл аралык каржы уюмдар туура эмес кеңеш берип, туура эмес жакка акча бөлүп жатат деп сындабай, алар менен тыгыз иштешиш керек. Ооба, алардын да өз принциптери, кызыкчылыктары бар. Бирок биз дипломатия аркылуу аларды улуттук кызыкчылыкка бурушубуз шарт. Алар бир дагы өлкөнүн реалдуу секторуна жардам беришпейт. Бирок Дүйнөлүк банк Жапонияга болот эритүүчү завод курууга жардам берген. Андыктан биз дагы элге пайдасы көп долбоорлорду сунушташыбыз керек" дейт.

Дагы жакшы багыбызга Дүйнөлүк банк сыяктуу донорлор бар экен. Аталган банк башында турган эл аралык каржы уюмдары 2006-2011-жылдар аралыгында Кыргызстандын социалдык коргоосу жана саламаттыгын сактоосу үчүн 113,4 млн доллар каражат бөлүптүр. Анын 45 млн. долларын Дүйнөлүк банк берген. Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (МАР) 2014-жылга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин "Ден соолук", "Манас", "Манас таалими" сыяктуу долбоорлорун каржылоо ниетин билдирген.

Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабеков акыркы 20 жылда саламаттыкты сактоого бөлүнгөн каражат 12 эсе азайганын айткан. Андыктан бул тармактын сазга батышына каржылоонун аздыгы себеп. Биринчи кезекте врачтарга жагымдуу шарт түзүп берип анан "таза иштегиле" деп талап кылсак жөндүү болот эле. Экинчиден, өлүп баратсак да "жакшымын" деген стереотипти жоюшубуз кажет. Бейтапканаларда кезек күткөн 70-80деги орустарды көрүп, ден соолук ушуларга эле керекпи, эмне үчүн биздикилер догдурларга көрүнбөйт деп намыстанат экенсиң. Кара жанды карч уруп жанталашып иштеп акча таап, анан ошол талкаланган ден соолукка тапкан-ташыганыбызды короткуча оорунун алдын алсак врачтарга да, өзүбүзгө деле жакшы болмок...

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223178

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.