Теннис: Данияр Дулдаев Кытайдагы турнирге катышуусун улантуудан баш тартты

  25.04.13   10:44
 275

Кыргызстандан теннисчи Данияр Дулдаев Кытайда өтүп жаткан Futures эл аралык турнир сериясында жупташкан мелдештен баш тартты. Теннис боюнча эл аралык федерациянын расмий сайтынын билдиргенине караганда, кыргызстандык Нидерландыдан келген Бой Вестерхоф менен биргеликте, биринчи айлампада Франция менен Сербиянын Уго Нис жана Данило Петровичти 7:6, 4:7 эсеби менен жеңип чыгышкан.

Бирок жарым финалга чыгуу үчүн беттешүүгө Кыргызстан менен Нидерландынын спортчулары келишкен эмес. Натыйжасында, турнирдин калыстары жеңишти кытайлык жуп Цзяйи Ли – Жун Нан Таого беришти.

Эске салсак, жалгыздык оюнда, Дулдаев, квалификациялык сеткадан старт алган. Негизги сеткага чыгуу үчүн чечүүчү матчты кытайлык Луяо Ваннга уттуруп ийип, мелдештен четтетилген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223182

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.