Депутат Келдибековдун унаасы менен Бекназаров ЖКга кирүүгө аракеттенгенин айтты

  25.04.13   10:49
 362

Кечээ, 24-апрелде, оппозициячы Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңештин аймагына "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Ахматбек Келдибековдун унаасы менен өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу "ВБ"га КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина кабарлады.

Анын айтымында, Бекназаров имараттын короосуна тиешелүү документтеринин жоктугунан кире алган эмес, ошондон кийин Келдибековдун унаасын пайдаланган.

Белгилей кетсек парламенттин төрагасы Асылбек Жээнбековго демилгечи топтун атынан "Кумтөр" келишимин денонсанция кылуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулоого катышуусун суранган өтүнүч кат келген. Бирок күн тартибине аталган маселе киргизилбегенин активисттер билген эмес.

Бекназаровдун аны "парламентке спикердин буйругу менен киргизбей коюшту",-деп маалымдаган. Бирок төраганын басма сөз катчысы бул айтылгандарды четке каккан.

Эскерте кетсек, кечээ болгон митингдин катышуучулары "Кумтөр" боюнча келишимди денонсациялоо жана "Ата-Журт" фракциясынын камактагы депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду бошотуу талабын коюшкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223183

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.