"Росбалт": "Манас" ТЖБсын чыгаруу тууралуу билдирүү жашыруун даярдалууда

"Билдирүүнүн тексти эки апта мурда эле даярдалган, азыр өкмөттө сүйлөшүү жүрүп жатат",- деп билдирет агенттиктин Ак үйдөгү булактары.
  25.04.13   11:35
 345

"Манас" аэропортундагы аскердик базада Американын транзиттик жүк ташуу борборун (ТЖБ) жайгаштыруу боюнча келишимди денонсациялоо жөнүндөгү билдирүүнүн текстти өкмөттө жашыруун түрдө макулдашылып жатат. Бул тууралуу Россиянын "Росбалт" маалымат агенттиги Кыргызстандын Ай үйүндөгү жеке булагынын айтканына шилтеме кылып кабарлады.

"Базасын жайгаштыруу келишимин денонсация кылуу тууралуу текст эки апта мурда эле даярдалган, азыр өкмөттө сүйлөшүү жүрүп жатат. Макулдашуу жашыруун түрдө жүргүзүлүүдө. Парламент муну олуттуу колдоп жаткандай таасир калтырууда. Администрациянын өзү болсо убакытты созуп жатат: бир кишинин колун койдуруп алып, анан көпкө кармап жатып, кийинкисин дагы нары жылдырып, айтор убакытты кечеңдетип жатат. Бирөөнү күтүп жатышкан өңдүү. Менин оюмча бир нерсе болчудай көрүнөт",- деп жазат агенттик булактын сөзүн цитата келтирүү менен.

Белгилей кетсек, "Манас" аэропортуна Американын аскер базасын жайгаштыруу жөнүндөгү Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы келишимдин мөөнөтү 2014-жылы аяктайт. Келишимге ылайык, Кыргызстан көрсөтүлгөн мөөнөттөн жарым жыл мурда америкалык тарапка келишимдин иши токтотулганы тууралуу эскертиши керек. "Манастагы" америкалык аскер базасын чыгаруу жөнүндөгү документти өкмөт даярдоого тийиш, андан соң аны парламент бекитет. Ошондон кийин Кыргызстан АКШга ТЖБны жайгаштырууну токтотуу жөнүндө нота жөнөтөт. Келишимдин шартына ылайык 180 күндүн аралыгында Пентагон өзүнүн аскерлерин алып чыгып кетүүгө тийиш.

Эскерте кетсек, буга чейин президент Алмазбек Атамбаев "Манас" аба базасынын ордуна 2014-жылдан тартып ири жарандык эл аралык транзиттик түйүнү иш алып барарын билдирген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223188

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.