Кыздар, Гу Чжун Пё корей кыздарынан артпайт!

  25.04.13   12:11
 613

Акыркы кезде түрк, корей сериялдары модага айланып, андагы баш каарманды жараткан келбети келишкен, сулуу жигиттерди сүйгөн кыргыздын жаш кыздары чет өлкөгө турмушка чыккылары келип калышты. Кореядан кыргыздын кыздарына жуучу түшүп келген күйөө балдарды ортодо үй-бүлө куруучу агенттиктер тааныштырып, оңбогондой акча табышат. Бөтөн эл, чоочун жерге барган кыргыздын кыздарын кээси бактылуу жашап жатышат десе, айрым бир депутаттар алардын шору шорподой кайнап, кулчулуктун кучагынан чыгалбай жатышат деп сыпатташат. Корея жеринде тогуз жыл иштеп, бул жактагы үй-бүлөсүн баккан Сабира Жумагулова аттуу айым ал жакта турмуш курган кыргыздын кыздары тууралуу айтып берди.

Сабира айымдын айтымында, Кыргызстанга келинчек издеп келген корей жигиттери кинодогудай келбети келишкен сулуу, капчыгында калың акча, мингени кымбат машине эмес экен. Кореядагы орто жашаган, айылдык карапайым жигиттер келишет тура. Ал эми биздин кыздар корея тасмаларындагы Гу Чжун Пё сыяктуу сулуу жигитти элестетип алышып, дароо макул болушат. Чындыгында Кореядагы капчыгы калың, бой келбети келишкен, сулуу, акылдуу жигиттер өздөрүнүн корей кыздарынан артпайт. Андан тышкары кыргыздын кыздары чет өлкөлүккө турмушка чыксам эле кинодогудай, ханыша болуп жашайм деп элестетишет, андай эмес, баардык жердин азабы, тозогу, бейиши да бар, - дейт Сабира айым.

Кыргыз кыздарынын корей жигитине турмушка чыгып, ал жерде кандай жашап жүргөнү тууралуу "Жаңы Агым" гезитинин 26-апрелде чыккан санында окуй аласыздар.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223189

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.