Кытай журналисти жер титирөө тууралуу репортажды үлпөт көйнөгүн кийип маалымдады

  25.04.13   12:00
 231

Кытайдын Яань шаарындагы YATV каналынын журналисти жер титирөө тууралуу репортажды үлпөт көйнөк кийип маалымдады. Бул тууралуу Sky News каналы билдирди. Репортаждын үзүндүсү Youtube сайтында да жеткиликтүү.

Жер титирөө учурунда журналист кыздын үйлөнүү тою болмок. Ал ага даярдык көрүп жүргөн. Бирок, маалымат берилиши керек болгондуктан ал зилзила тууралуу элдин пикирин үлпөт көйнөкчөн чогулткан.

Жыйынтыгында бул видео интернетте кеңири жайылып кеткен. Sky News каналанын маалымдашынча журналист кыз зилзаланын кесепети канчалык чоң болгонун билген эмес. Журналист кыздын аты-жөнү азырынча айтыла элек жана ал иштеген телекомпания да бул боюнча түшүндүрмө бере элек.

Белгилей кетсек, 20-апрелде Сычуань провинциясында болгон зилзаланын очогу Яань шаарында катталган. Акыркы маалыматтарга ылайык, жаратылыш кырсыгынан 186 адам каза болуп, 11 миңден ашык жаран түрдүү жаракат алган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223191

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.