Бишкекте адамдын тизесине жасалма муун салынды

  25.04.13   12:08
 289

Академик Сабырбек Жумабеков 24-апрелде дагы бир уникалдуу операция жасады. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чаувай айылынын тургуну, 28 жаштагы Табалдиев Нурландын оң жак тизесин жасалма муунга алмаштырды. Операция ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу Бишкек шаардык илим изилдөө борборунун басмасөз кызматы билдирди.

Бейтаптын өз алдынча басалбай калганына 12 жыл болгон. Буга дейре Кызыл-Кыя шаарындагы ооруканада жана Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланган, бирок натыйжа чыккан эмес.

"Буга чейин Нурланга 3 операция жасалып, эки жамбашы менен сол бутунун тизесине эндопротез салынган. Табалдиев Нурландын 4 ири мууну, тагыраак айтканда, кашка жилик жана тизе муундары жабыркап басалбай калган. Бул - дүйнөлүк ортопедияда сейрек кездешүүчү патология. Оорулуу Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 2012-жылдын август айында кайрылган. Учурда төрт мууну тең жаңыланды, эми басып кетет деген үмүттөбүз",- дейт Жумабеков.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223193

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.