Депутат: Караколдун мэрин шайлоодо чатак чыгып кетиши ыктымал

  25.04.13   12:03
 275

Бүгүн, 25-апрелде, "Ата Мекен" фракциясынан депутат Жоомарт Сапарбаев парламентчилердин көңүлүн Ысык-Кол областындагы кадр саясатына бурду.

"Жер-жерлерде коомчулук кадр саясатына нааразы. Бизде азыр губернаторлор жок, алардын ордуна өкмөттүн областтагы өкүлдөрү бар. Азыркы учурда Бакиевдин тушунда абдан тартип бузуп иштеген адамды Каракол шаарынын мэрлигине сунуштап жатышат. Ал жакта мэрди шайлоодо чоң чатак чыгып кетиши ыктымал",- дейт ал.

Депутат ошондой эле өкмөткө областтын өнүгүү фондуна түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү маселесин карап чыгууну сунуштады. "Өнүгүү фондуна 10 миллиондой доллар түшөт. Аларды жеринде туура пайдаланууга көңүл буруу абзел. Мындай каражаттарды бөлүштүрүү боюнча элдин суроосу көп. Бир эле мисал келтирейин. Жергиликтүү мектепке дааратканага салганга 1,2 млн сом коротушкан. Мындай маселелерди көзөмөлдөө керек",- деп кошумчалады Сапарбаев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223194

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.