Акыйкатчы анын жылдык баяндамасын кароону жылдырып салышкандарына нааразы

  25.04.13   12:05
 324

Акыйкатчы Турсунбек Акун Жогорку Кеңеште анын жылдык баяндамасын кароону кийинкиге жылдырып салышкандарына нааразы. Бул тууралуу өлкөнүн башкы укук коргоочусунун басмасөз кызматы кабарлайт.

Буга чейин маалымдалгандай, кечээ, 24-апрелде акыйкатчынын жылдык докладын угуу белгиленген. Бирок депутаттар Азиза Батукаев боюнча комиссиянын ишин жыйынтыктоо керектигин айтып, аны угуунун мөөнөтүн кийинкиге калтырышкан.

Турсунбек Акун буга нааразы болду. Анын пикиринде, мындай чечимди эртерээк кабыл алышып жана акыйкатчынын аппаратына билдирүүлөрү керек эле. "Белгиленген 24-апрель күнү Бишкекке акыйкатчынын баардык областтагы өкүлдөрү келишкен. Командировка чыгымдары коротулду, эл ишинен үзгүлтүккө учурады. Анан калса жылдык докладды Батукаев боюнча комиссиянын ишине аралаштыруунун эмне зарылдыгы бар эле? Анын бошотулушу 1013-жылга тиешелүү болсо, баяндама 2012-жылдыкы",- дейт Акун.

"Эмне үчүн Батукаевди бошотууга катышы бар делген башкы прокуратуранын баяндамасын өз убагында угушат дагы, акыйкатчыныкын угушпайт?",- деген таарынычын билдирди акыйкатчы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223195

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.