Мамлекеттик мүлк фонду 95 унааны сатууга макулдук берди

  25.04.13   12:31
 343

Мамлекеттик мүлк башкармалыгы боюнча фонд мамлекеттик юридикалык тараптардын администрацияларынын чечиминин негизинде мамлекеттик менчикте турган 95 унаа транспорт каражатын сатууга макулдук берди. Бул тууралуу Маммүлк фондунун басмасөз кызматы кабарлайт.

Унаалардын базар баасы баалоочу компаниялар тарабынан аныкталат. Машиналарды толук бюджеттик каржылоодо турган ишканалар менен уюмдар сатып ала турган болсо, аларды сатуудан түшкө каражат бюджетке которулат.

Жыл башынан бери мамлекеттик менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу боюнча 48 сатып алуу-сатуу келишимди түзүлгөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223196

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.