"Алмаз" радиосу жабылуу коркунучунда

  25.04.13   12:36
 333

Алгачкы көз карандысыз "Алмаз" радиосу жабылуу коркунучунда турат. Радионун директору Рустам Кошмуратовдун айтымында радионун жабылуусуна Маданият министрлигинин алдындагы кинематография департамантинин аракети себеп болууда. 22-апрелде радиостанцияга департамент жайгашкан имараттын чатарындагы антеннанын алынышы керектиги жөнүндө эскертүү кат келген. Бул тууралуу "Журналисттер" коомдук бирикмесинин расмий сайтында жарыяланды.

Белгилей кетсек, "Алмаз" радиосунун антеннасы аталган департамент имаратынын чатырында 15 жылдан бери турат. Департаменттин буга чейинки жетекчилери радиого карата эч кандай нааразычылыгын билдирген эмес. Бирок, жаңы жетекчинин дайындалышы менен абал өзгөрүп, радиодон ижара акысын талап кыла башташкан. Радионун жетекчилиги анын баасы канча экенин сураганда эч кандай жооп кайтарылган эмес.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223197

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.