Казакстандын президенти Кыргызстандын экономикасы жардамга муктаж дейт

  25.04.13   12:40
 363

Кыргызстан менен Тажикстан - абдан жакыр мамлекеттер жана азыр жардамга муктаж. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Астанада өтүп жаткан Евразия медиафорумунда билдирди. Форумга Кыргызстандан Жогорку Кеңештин бир нече депутаты жана кыргыз басмасөзүнүн өкүлдөрү катышып жатат.

Анын айтымында, аталган мамлекеттердин экономикасын калыбына келтириш, жумушчу орундарды түзүш жана элдин жашоо-шартын жакшыртыш үчүн көмөк зарыл.

"Бул маселеде биздин коңшуларга жардам беришибиз керек",- дейт Назарбаев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223198

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.