Жаш бокcчулар алтын байгелерди илип кете алышкан жок

  25.04.13   13:43
 338

"Азия чемпионатында алтын байгелердин жеңүүчүсү болуу үчүн Кыргызстандын жаш спортчуларына тажрыйба жетишсиздик кылды", - деп бүгүн, 25-апрелде, маалымат жыйыны учурунда курама команданын башкы машыктыруучусу Кенжебек Акелбаев айтты.

Тренердин айтымында, акыркы тогуз жылдан бери өспүрүмдөр арасында Азия чемпионаты өткөрүлө элек. "Мелдешке чакыруу болгону үч ай мурун келген. Алты спортчунун ичинен төртөө медалдар менен кайтты. Менин пикирим боюнча, биз өз максаттарыбызга жетиштик", - деди тренер.

Эске салсак, Алматы шаарында өспүрүмдөр арасында бокс боюнча чемпионат өттү. Анда Кыргызстандын курама командасы 4 коло медалга ээ болду. Алар Мухаммад Равшанбек уулу, Анвар Нусипаев, Фатиддин Хамроев, Руслан Эрнис уулу.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223202

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.