Кыргыз-тажик чек арасында жер силкинди

  25.04.13   13:49
 285
 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 24-апрель түнкү саат 11ден өткөндө кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди. Зилзаланын күчү 4-4,5 балл болуп, Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3, ал эми Нура айылында 2 балл сезилди. Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыр тарткандар жана кыйроолор болгон жок, деп билидирет "Азаттык".

2008-жылы 5-октябрда күчү 7 баллга жеткен жер титирөөдөн Нура айылы тыптыйпыл кыйрап калган. Кырсык 75 адамдын өмүрүн алып кеткен, алардын кырктан ашыгы балдар болчу.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223203

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.