Жал кичи районунда адамдын көмүлгөн сөөгү табылды

  25.04.13   14:45
 333

Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы ээн аймактан адамдын көмүлгөн сөөгү табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин жетекчи орун басары Замир Усманов "ВБ"га билдирди.

Өткөн дем алыш күнү аталган райондун тургундары ишембилик кылуу үчүн чыгышкан. Тазалоо учурунда алар желим баштыкка оролуп, жерге көмүлгөн адамдын сөөгүн табышкан.

Криминалисттердин айтымында, адамын сөөгү жерде 5-6 айдай жаткан. Табылган кийимдерден улам ал аял кишинин сөөгү болушу ыктымал. Эксперттер ошондой эле анын бир нече кабыргасы сынганын аныкташкан. Өлгөн адам болжол менен 45-50 жаштарда болушу мүмкүн.

Ыкчам-иликтөө тобу бул факты боюнча тергөө иштерин жүргүзүшкөн жана тергөөнү биринчи кезекте селсаяктар арасында башташкан.

"Аталган райондо желим бөтөлкө алган бир нече жер бар. Бөтөлкө алгандардын бири күзүндө аларга бир нече аял келип бөтөлкө тапшырып турганын айткан. Тартип сакчылары сөөктүн сүрөтүн көргөзгөндө ал анын кийимин тааныган", -дейт Усманов.

Бөтөлкө алган киши күз айларында катуу жаан жааган учурда ага аял селсаяк келип, үшүгөнүн айтканда өзүнүн кийимин берген.

Табылган сөөк Салтанат аттуу селсаяктыкы болушу мүмкүн. Бирок аны тактоо дээрлик мүмкүн эмес.

Сөөк муниципалдык кызматтын эсебинен жерге берилет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223207

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.