АӨБ Кыргызстандын ички дүң өндүрүмдүн өсүшү быйыл 5,5 пайызды түзөөрүн айтты

  25.04.13   14:59
 281

Азия өнүгүү банкынын (АӨБ) жыл сайын жарыяланчу "Азиянын өнүгүүсүнүн баяндамасы-2013" деп аталган экономикалык публикациясына ылайык, үстүбүздөгү жылы Кыргызстандагы ички дүң өндүрүм (ИДӨ) 5,5 пайызды, ал эми келерки жылы 4,5 пайызды түзөт.

"Экономиканын өсүшү алтын казып алуу, негизинен Россия менен Кытай Эл Республикасынан энергетикалык жана транспорт инфраструктурасы боюнча долбоорлорду инвестициялоодон камсыз болмокчу. Бирок алтын казып алуу эгерде саясий абал курчуп кетсе күткөн натыйжаларды бербей калышы ыктымал ",-деп белгилейт КРдагы АӨБдүн туруктуу өкүлчүлүгүнүн улук экономисти Гүлкаир Тентиева.

2012-жылы ИДӨнүн төмөндөп кетишинин негизги себептерин эксперт геологиялык факторлордон улам алтын казып алуу өндүрүшүнүн азайганы, айыл чарбасында дан эгиндеринин түшүмү начар болуп калганы менен байланыштырды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223208

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.