"Кыргызтелекомду" кымбат унаа сатып алган деп күнөө коюшууда

  25.04.13   14:59
 280

"Кыргызтелеком" кредиттик каражатка санариптик берүү орноштуруунун ордуна кымбат баалуу унаа сатып алган", - деп бүгүн, 25-апрелде, маалымат жыйын учурунда Антикоррупциялык ишкер кеңештин эксперти Иван Дробитько билдирди.

Анын айтымында, кредиттик каражат жабдууларды орнотуу жана монтажга сарпталгандын ордуна 62,7миң долларлык "Тойота Лэндкрузер" сатып алууга жумшалган.

"Андан тышкары, Эсеп палатасынын жана "Марка аудит"АККнын консолидардык отчетундагы маалыматка ылайык, 2011-2012-жылдарындагы 72 млн 114 миң сомго берилген жабдуулардын кредиттик карызы тастыктоочу кагаздарысыз эле кечирилген", - деди Дробитько.

Ошондой эле, ал учурда "Кыргызтелекомдун" кызматкерлери айлыктарын ала элегин кошумчалады. "Бардык каражаттар карыздарды эптеп жабуу үчүн борбордук аппаратка жөнөтүлүп жатат. Мамлекет Нарынга санариптик телеберүүнү киргизүү үчүн 57 млн сом бөлүп берген, ошол эле долбоорго "Кыргызтелеком" ички бөлүмдөрдөн да 40 млн сом алган", - деди эксперт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223209

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.