Орус оппозиционери Навальный өзүнө каршы сот процессин токтотууга үндөдү

Алексей Навальный президент Путинге каршы нааразылык акцияларын өткөрүп, орус өкмөтүн коррупцияга байланыштуу сындап келет.
  25.04.13   15:11
 254
 

Орусиядагы белгилүү оппозициялык ишмерлердин бири Алексей Навальный өзү иштеген мекемеге акчалай чыгым келтирген деген айып менен башталган сот процессин жокко чыгарууга чакырды.

Навальный сот өкүлдөрүнө кайрылып, ага каршы жүргүзүлгөн тергөө ишиндеги мүчүлүштүктөргө байланыштуу бул иш прокурорлорго кайрадан тергөөгө жөнөтүлүшү керек деп айткан.

Ал өзүнө карата сот ишин саясий буйрутма деп эсептейт. Навальный президент Путинге каршы нааразылык акцияларын өткөрүп, Орус өкмөтүн коррупцияга байланыштуу сындап келет.

Киров калаасына келген Навальный эгер сот аны күнөөлүү деп тапкан учурда да, өзүнүн ак экенин башкалар түшүнөт деп белгиледи.

"Кировго кайрадан келгениме кубанычтамын. Албетте, мындан жакшыраак себептер менен келсем дурус болмок. Сот бүгүн чындап башталат өңдөнөт. Аягында биз жеңип чыгарыбызга ишенем. Эгер сот мага тагылган айыптарды кабыл алган учурда да, бул процесске катышкандардын бардыгы менин күнөөлүү эмес экенимди түшүнүшөт", - деди Алексей Навальный.

Булак: ВВС Кыргыз кызматы

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223210

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.