"Кыргызтелеком" июнь айында кайрадан банкротко учурашы мүмкүн

  25.04.13   15:09
 229

""Кыргызтелеком" ачык акционердик коому ушул жылдын июнь айында 250 млн сом көлөмүндөгү Кытайдын насыясынын эсебинен алган карызын жаба албай банкротко учурашы ыктымал",- деп билдирди бүгүн, 25-апрелде, болгон басмасөз жыйынында "Люстрация" коомдук бирикмесинин юристи Жаныбек Сопуев.

Анын айтымында, 2011-жылы эле "Кыргызтелекомдун" башкаруу кеңешинин төрагасы Аскар Баратбаев насыяны пролонгация кылуу өтүнүчү менен кайрылган, бирок анын суроосун канааттандыруудан баш тартышкан. "Эгерде насыя төлөнбөсө "Кыргызтелеком" кыйын абалда калат. Айыппул санкциялары айына 100 миң доллардан ашып кетиши мүмкүн. Түзүлгөн кырдаалдан улам "Кыргызтелеком" 20 млн. долларга дагы бир насыя алуу меморандумуна кол коюуну пландап жатат",- дейт Сопуев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223211

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.