Базардын кайтаруучулары контрафактык алкоголдун алып таштоосуна тоскоол кылышты

  25.04.13   15:12
 270

Бүгүн, 25-апрелде, Мамлекеттик салык кызматынын контрофактык алкогол продукциясын алып салуу рейди учурунда Аламедин базарынын кайтаруучулары журналисттердин бул процессти тартып алуусуна тоскоолдук кылышты.

Дүкөндөрдүн биринде акциздик маркасы күмөн жараткан 200 стакан арак продукциясы табылган. Ошондой эле сатуучунун арак сатууга уруксааты жок болгондугуна байланыштуу 216 бөтөлкө арак жана коньяк алынган.

Өзүнүн фамилиясын атоодон баш тарткан кайтаруучу Руслан, журналисттердин фото жана видео тартуусуна тоскоолдук кылууга аракет жасады. Бирок салык кызматкерлеринин рейд жүргүзүүгө уруксааты бар эле.

Салык кодексине ылайык, жеке менчик территориядагы рейд учурунда, зарыл болсо, фото жана видео тартууга уруксаат берилген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223212

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.