25-апрель Кыргызстанда Салттуу музыка күнү

  25.04.13   15:31
 321

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Кыргызстан калкын, анын ичинде кыргыз парламентчилерин парламенттин бүгүнкү, 25-апрелдеги жыйынында Салттуу музыка күнү менен куттуктады. "Салттуу ыр-күүлөр элибиздин көөнөргүс байлыгы болуп саналат. Биз үчүн жакшы саамалык, жаңы жөрөлгө болгон элдик музыка майрамы элибиздин руханий кенчин келечек муун үчүн сактап, аны кеңири жайылтууга өбөлгө түзөт", - дейт ал. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Эске салсак, кыргыз элинин байыртадан келаткан ыр-күүлөрүн сактоо жана кеңири жайылтуу максатында, 2013-жылдын 18-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан ар жылдын 25-апрелин Салттуу музыка күнү катары белгилөө жөнүндө токтом кабыл алынган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223213

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.