АӨБ Кыргызстандагы инфляцияны быйыл 7,5 пайыз болот деп белгиледи

  25.04.13   15:32
 382

Азия өнүгүү банкынын (АӨБ) жыл сайын жарыяланчу "Азиянын өнүгүүсүнүн баяндамасы-2013" деп аталган отчетуна ылайык, үстүбүздөгү жылы Кыргызстандагы инфляция 7,5 пайызга чейин өсөт, ал эми 2014-жылы 5,5 пайызга чейин төмөндөйт.

"Бул алдын ала маалыматты алтын казып алуунун көлөмү калыбына келсе жана энергетикалык тармактын инфраструктурасына инвестиция тартылса анан ушундай болот деген эсеп менен жүргүзүшкөн",- дейт КРдеги АӨБдүн туруктуу өкүлчүлүгүнүн улук экономисти Гүлкаир Тентиева.

Эксперт мындан тышкары азык-түлүккө карата дүйнөлүк баанын ылдыйлашын эске алганда, тамак-аштын абдан катуу кымбатташы күтүлбөй турганын белгиледи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223215

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.