Зордуктоо кылмыштарына карата жаза чаралары катаалдаштырылууда

  25.04.13   15:37
 427

Жогорку Кеңеште өкмөт тарабынан сунушталган "КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Анткени, акыркы жылдары жыныстык зордуктоо кылмыштарынын саны өсүп жатат.

Маалыматтарга ылайык, 2011-жылы эле 282 ушундай кылмыш түрү катталган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиевдин айтымында, мыйзам долбоору жашы жетелек балдарга карата жыныстык кылмыш жасагандардын жазасын катуулатуу максатында иштелип чыккан. Ал үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 8 беренесине тиешелүү түзөтүүлөр киргизилүүдө.

Мыйзам долбоорунда мурдагыга караганда жаза чараларынын мөөнөтүндө 7 жылга чейин айырма бар. Мисалы, 18 жашка толо элек өспүрүмдөрдү зордуктагандар үчүн 2 жылдан 3 жылга чейинки жаза мөөнөтү каралган. Азыр ал мөөнөт узартылып жатат. Андан тышкары, шарттуу жаза чаралары да алынып салынды.

Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223216

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.