Учурунда алимент төлөбөгөндөргө беш эсе үстөк айып салуу сунушталууда

  25.04.13   15:43
 242

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 25-апрелдеги, жыйынында "Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Турсунбай Бакир уулу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Сунушталган мыйзам долбоору алименттерди өз убагында алууга жашы жетпеген балдардын укуктарын коргоого багытталган. Анда баланы багууга каражатты өз маалында алуу максатында алименттерди төлөөнү кечиктиргендиги үчүн үстөк айыпты беш эсе көбөйтүү сунушталган.

Мыйзам долбоору тармактык комитеттин корутундусу менен 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223217

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.