Назарбаев: НАТОнун аскерлери чыгарылгандан кийин Борбор Азияда эч нерсе болбойт

  25.04.13   15:52
 399

Афганистандан НАТОнун аскерлери чыгарылгандан кийин Борбор Азия аймагы эч нерсе болбойт. Бул тууралуу бүгүн 25-апрелде Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Астанада өтүп жаткан Евразия медиа форумунда билдирди. Форумга Кыргызстандан Жогорку Кеңештин бир нече депутаты жана кыргыз басмасөзүнүн өкүлдөрү катышып жатат.

Анын айтымында, кимдир-бирөө учурдун чындыгын көргүсү жана Борбор Азия бул унутулуп калган жай эмес, Азиянын жана дүйнөнүн субрегиону деген фактыны аңдагысы келбей жатат. Назарбаевдин пикиринде, бул айрым мамлекеттердин алысты көрө албаган саясаты.

Казакстандын мамлекет башчысы ошондой эле "Афганистандагы миссия ийгилик жарата алган жок деген туура эмес",- дейт. "Аймактагы жагдай туруктуу жана эч ким НАТО кеткенден кийин ал жакка киришпейт",- деп кошумчалады президент.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223218

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.