Малды идентификациялоо боюнча мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алышты

  25.04.13   15:59
 261

Бүгүн, 25-апрелде парламент депутаттары малды идентификациялоо боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты.

Белгилей кетсек, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Кыргызстанга малды сатууну, эт-сүттү экспорттоону көзөмөлдөө жана инвестиция тартып келиш үчүн айыл чарба жандыктарын идентификациялоону киргизүүнү сунуштап жатат. Чиновниктер бул ошондой эле ар кандай оорулардын жайылышын иликтөөгө мүмкүндүк түзөт деп эсептешет. Малды идентификациялаш үчүн 180 млн сом зарыл. Министрлер кабинети эл аралык донор колдоосуна үмүт артып жатат. Өкмөт 5 пайыз чыгымды өз мойнуна алууга даяр. Ошондой эле чиптерди киргизүү жагы да каралууда. Жылкылар үчүн анын баасы -120 сом, ири мүйүздүү мал башкача айтканда уй-топоздор үчүн -60, майда мал үчүн -15, чочко үчүн 15- сомго идентификацияланмакчы. Уйларга бирка эки кулагына, ал эми майда жандыктарга бир бирка, жылкылардын терисинин алдына чип киргизилет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223220

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.