Депутаттар Кытайдын "жол насыясын" колдошту

  25.04.13   16:21
 280

Бүгүн, 25-апрелде, депутаттар экинчи жана үчүнчү окууда 2012-жылы 4-декабрда Бишкекте кол коюлган Кыргызстандын жана Кытайдын өкмөттөрүнүн ортосундагы жеңилдетилген насыя жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун колдошту Насыяны Кытайдын Экспорт-импорт банкы КРдин Каржы министрлигине берип жатат.

Келишимдин шартына ылайык, Кытайдын Экспорт-импорт банкы Кыргызстанга жыл сайын 2 пайыз менен 20 жылга 129,8 млн долларды Ош - Баткен – Исфана унаа жолун оңдош үчүн насыя катары бермекчи. Алгачкы тогуз жыл - жеңилдетилген мезгил болуп саналат. "Жалпы сумманын 91,4 млн доллары Ош - Баткен - Исфана жолунун айрым участокторун салууга, 38,4 млн доллары Бишкек-Балыкчы унаа жолунун курулушуна жумшалмакчы",- деп билдирген буга чейин транспорт жана коммуникация министрлиги.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223221

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.