АӨБ Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугуна тынчсызданды

  25.04.13   16:38
 270

"Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө электр менен камсыздоонун туруксуздугу чон тобокелдик жаратат, мындан улам өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу олуттуу тынчсыздануунун пайда кылат",- деп белгиледи "Азиянын өнүгүүсүнүн баяндамасы-2013" деп аталган экономикалык отчетту тааныштырып жаткан маалда Азия өнүгүү банкынын (АӨБ) өлкө директору Рие Хираока.

Өз кезегинде КРдеги АӨБдүн туруктуу өкүлчүлүгүнүн улук экономисти Гүлкаир Тентиева экинчи жылы катары менен Ички дүң өндүрүмдүн (ИДӨ) жарымын камсыз кылган тейлөө тармагында олуттуу өсүш байкалганын баса белгиледи. Бул тармактагы өсүү темпи 6,2 пайызды түздү. Керектөөчүлөрдүн жана эл аралык суроо-талаптын көбөйүшүнөн улам транспорт соодасы (8,9%), ресторан-мейманкана (11,7%) тармагы өсүүнүн жогорку темпин көрсөткөн.

"Жеке суроо-талаптын өсүшү 6 пайызды түзөт деп күтүлүүдө",- дейт ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223223

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.