Сатыбалдиев "РусГидро" ААКынын башкармалыгынын төрагасын кабыл алды

  25.04.13   16:51
 269

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен "РусГидро" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Евгений Дод бүгүн, 25-апрелде, Жогорку-Нарын ГЭС каскаддарынын курулушун ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу КР өкмөт аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жантөрө Сатыбалдиев жакында Россияга болгон жумушчу иш сапарынын учурунда Камбар-Ата – 1 ГЭСин жана Жогорку-Нарын ГЭС каскаддарынын курулушун баштоо боюнча техникалык маселелердин чечилишин тездетүү боюнча Дмитрий Медведев менен макулдашууга жетишкенин белгиледи.

Сатыбалдиев менен Дод Жогорку-Нарын ГЭС каскаддарынын курулушунун бир айдын ичинде баштоонун маанилүүлүгүн белгилешти. "Биз жакындап калган курулуш сезонун өткөрүп ийбешибиз зарыл",- деди Дод.

Бугу удаалаш эле премьер-министр Сатыбалдиев бүгүн Камбар-Ата ГЭС-1 жана Жогорку-Нарын ГЭС каскаддарынын курулушуна тиешеси бар тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилери менен чогулуш өткөрдү.

Жыйын учурунда премьер-министр россиялык өнөктөштөр менен биргелешип бир топ иштер бүткөрүлгөнүн маалымдады. "Биз гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашыруунун практикалык жолуна чыктык. Ушуга байланыштуу мен энергетиктерге аталган курулуш долбоорлорун баштоо үчүн чечиле элек техникалык маселелерди бүтүрүүнү тапшырам",- деди ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223224

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.