Швейцария Чу менен Талас дайраларын мониторинг кылыш үчүн 950 миң доллар бөлөт

  25.04.13   16:50
 308

Бүгүн, 25-апрелде, Швейцариянын өкмөтүнүн өкүлдөрү менен КРнын айыл чарба жана мелиорация министрлиги "Чу жана Талас трансчегаралык дайраларынын суу ресурстарын башкаруу боюнча мамлекеттер аралык кызматташтыкты жүргүзүү "деп аталган долбоор боюнча келишимге кол коюшту.

Жалпы бюджети 950 миң доллардан турган долбоор Чу жана Талас дайраларынын бассейдеринин суу агымдары менен көлөмүн көзөмөлгө алып жана өлчөй турган мониторинг системасын автоматташтырууга мүмкүндүк түзөт.

Долбоордун биринчи фазасында Чу суусунун бассейинин мониторинг кылуу системасы түзүлүп жана автоматташтырылган. Экинчи фазада эки дарыянын чегаранын эки жагындагы баардык ирригациялык маанилүү объектилерине системанын таасирин кеңейтүү иштери аткарылмакчы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223225

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.