Мамлекеттик тилди билбегендиги үчүн айып пул салуу үчүнчү окууда жактырылды

Мыйзам долбоору боюнча, мамлекеттик кызмат ордуна талапкер болгон адам ыйгарым укуктуу комиссия тарабынан атайын сынактан өтүүгө тийиш.
  25.04.13   16:58
 353

Мамлекеттик тилди – кыргыз тилин коргоо, сактоо жана жайылтуу максатында, депутаттар тобу тарабынан "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору иштелип чыккан. Ал үчүн КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү милдети турат.

Депутат Эгемберди Эрматовдун айтымында, мамлекеттик кызмат жетекчилеринин мамлекеттик тилде сүйлөй, окуй, жаза билүү, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында документтердин түпнускасын мамлекеттик тилде даярдоо, зарылчылыгына жараша, аларды мамлекеттик жана расмий тилдерде которуп жарыялоо талаптары коюлуп жатат. Демек, тилдин өнүгүшү үчүн кандайдыр бир деңгээлде зарылчылык түзүлүүсү керек.

Ошону менен бирге, мамлекеттик тилди үйрөтүү, окутуу, колдоно билүү чаралары да каралган. Мисалы, мамлекеттик кызмат ордуна талапкер болгон адам ыйгарым укуктуу комиссиялар тарабынан атайын сынактан өтүүгө тийиш.

КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске "КР мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзам талаптарын бузган жеке жана юридикалык жактарга, ошондой эле кызмат адамдарына карата административдик айыптар каралган: жеке жактарга – 10-20 эсеп көрсөткүчүндө (1-2 миң сом), кызмат адамдарына – 50-100 эсеп көрсөткүчүндө (5-10 миң сом), юридикалык жактарга – 200-500 эсеп көрсөткүчүндө (20-50 миң сом).

Эгерде айып салынгандан кийин бир жыл аралыгында мыйзам бузуу кайра кайталанса: жеке жактарга – 20-50 эсеп көрсөткүчүндө (2-5 миң сом), кызмат адамдарына – 100-500 эсеп көрсөткүчүндө (10-50 миң сом), юридикалык жактарга – 500-1000 эсеп көрсөткүчүндө (50-100 миң сом).

Ал эми сот чечими аркылуу жеке жана юридикалык жактардын иши токтотулат же иш жүргүзүү лицензиялары алынып коюлат. Белгилей кетсек, ушу тапта бир эсептик көрсөткүч – 100 сом.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223226

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.