Санкт-Петербургдун солисттери Бишкекте "Жизель" балетин тартуулайт

  25.04.13   17:02
 328

27-апрелде Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында Адольф Адананын "Жизель" балети коюлат. Бул тууралуу театрдын коом менен байланышуу бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, балеттин башкы каармандарынын ролун Санкт-Петербургдун Мариинин атындагы театрынан келген солисттер Елена Евсеева жана Антон Корсак аткарышмакчы. Алар буга чейин "Дон Кихот", "Корсар", "Щелкунчик" спектаклдеринде образ жаратышкан.

Россиянын эмгек сиңирген артисттери менен бирге кыргызстандык бийчилер сахнада көрөрмандарга өз өнөрлөрүн тартуулайт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223227

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.